. Тема: Жоомарттыкта жана кайрымдуулукта шаркырап аккан суудай бол! Жомарттык-бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити Кайрымдуулук кылуу- улуулук алып келет.

Тема: Жоомарттыкта жана кайрымдуулукта шаркырап аккан суудай бол! Жомарттык-бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити Кайрымдуулук кылуу- улуулук алып келет.

Разносторонняя информация в одном месте. Единая точка входа в поток контента, который адаптируется под интересы аудитории.

Тема: Жоомарттыкта жана кайрымдуулукта шаркырап аккан суудай бол! Жомарттык-бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин чексиз мухити Кайрымдуулук кылуу- улуулук алып келет.

айлананынсыртына чыгып, окуучуларды айланып чуркайт. Чуркап баратып өзү каалаган окуучунун желкесине акырын бир-эки жолу муштап кетет. Муш жеген окуучу урган окуучуга карама-каршы чуркайт. Экөө бет келген жерде бири-биринин колун кармап “ салам салам” деп айтуусу керек. Саламдашып бүткөндөн кийин ким биринчи келип качкан окуучунун ордуна туруп калса ошол жеӊүүчү болот. Оюн ушул тартипте улантыла берет. Кайсы окуучу үч жолу ордун таба албай чуркап калса айып тартат. Окуучулардын каалоосу менен ырдап же бийлеп берет. Музжаргычтан кийин мугалим окуучулар менен төмөндөгүдөй мүнөздө маектешүү өткөрөт.

Мугалим: Урматтуу окуучулар, силер шаркырап аккан суу жөнүндө кандай пикир айта аласыӊар?

1-окуучу: Шаркырап аккан суу эч качан токтоп калбайт.

2-окуучу:Шаркырап аккан суунун алдын бөгөп койсоӊ ташып кетет.

3-окуучу:Шаркырап аккан суу таштан-ташка урунуп, бышып калат.

4-окуучу: “Агын сууда арам жок”-деген кеп бар.

5-окуучу: Адамдын өмүрүн да агын сууга салыштырышат.

Мугалим: Туура айтасыӊар балдар, аккан суунун баркын адамдар жакшы билишет. Биз бүгүн силер менен ошо агын сууга салыштырылган адамдык асыл сапаттар тууралуу сөз кылабыз. Ал асыл сапаттар жоомарттык жана кайрымдуулук. Эки топтон бирден окуучу чыгып, столдогу конвертти алышат. Конверттин ичин ачып кимисине кайсы тема түшсө, ошол боюнча топтук таанытымга даярданышат. Конверттеги тексти топто талкуулашып, аны сахналаштырууга даярданышат. Тексттин аягындагы суроолорго да жооп беришет. Ар бир топтон бирден ватман жана түстүү маркерлер берилет.

Ватманга тема жөнүндөгү ойлорун түшүрүшөт. Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблицаны сунуштап ал окуучуларды сурамжылоо аркылуу толтурат. Бул алгачкы түшүнүктөрдү аныктоого көмөк көрсөтөт.

Жоомарттык

Кайрымдуулук

-эр жигиттик;

-сабырдуулук;

-сезимталдык;

-ыймандуулук;

-ырахат алуу ж.б.

1-топ: “Жоомарттык”.

Берилген текстти топто талкуулашып, ролдоштуруп аткарып беришет. 2-топко маанисин чечмелөө үчүн төмөндөгүдөй макал сунушталат:

Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.

Жоомарттын жайы бейиште, сараӊдар калат кейиште.

Ватманга жоомарт адамга мүнөздөмө жазып, таанытымда талкууга коюшат.

Жоомарт адам- брешен, ар нерсе март келет. Ар кандай маселени буйдалбай, шарт чечет. Душмандык кылып жолун тороп жатса да аны кечирип, ойлонтууга аргасыз кылат.

Өзү кыйналып турса да бирөөнүн ажатын ачат. Адамдык асыл сапаттардын гана башында жоомарттык турат.

Сахналаштыруу үчүн текст:

ЖООМАРТ ПАДЫША.

Бирөөнүн көӊүлүн оорутпаган, адилеттүү иш жүргүзгөн, зулумдук менен калыссыздыкты бүтүрүүгө жан үрөгөн бир падышаны көрө албаган жандар адам жалдап, ууландырышат. Бирок уу берген адам, качып кутула албайт. Аны падышанын кашына алып келишет. Падыша ал адамдан: “ Мага эмне үчүн уу бердиӊ ?, Максатыӊ эмне эле?”-деп сурады. Ал адам: “-Падышам, мен сиздин жоомарт адам экениӊизди билемин. Душмандарыӊыз мага миӊ алтын берип, сизди ууландырууну буйрушту. Акча үчүн абийиримди сатып, ушул жарабас ишти жасоого мажбур болдум. Өз ишиме өзүм кыжаалатмын,”-деди. Падыша ал адамдан миӊ алтынды алып, мамлеккеттин казынасына тапшырды. Анан ал адамга ачууланып:

-“Акча, дүнүйө үчүн бирөөгө жаманчылык кылуунун чоӊ күнөө экендигин билбедиӊби? Эгерде аны билген болсоӊ мындай ишке

кол сунбас элеӊ. Мен сени кечирдим, арийне, инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөсүн кечүүсү зарыл. Эгер сен берген уудан көз жумсам, адамдарым сени тытып жибермек. Ошондуктан тобо кылгын, акчага, дүнүйө-мүлккө көз артып, бирөөнүн өмүрүнө кастык кылбагын,”-деди.

Ал адам ыйлап, тобо кылды. Падышадан кечирим сурады, коштошуп чыгып кетти. Падыша бардык жигиттерине бул адамга таптакыр тийбегиле деп буйрук берди.

Суроолор:

1.Падыша ал адамды эмне үчүн жазалаган жок?

2. Падыша ууну ичип, бирок аман калуусунда кандай сыр бар деп ойлойсуӊар?

3. «Инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн кечирүүсү зарыл» -дегенди кандайча түшүнөсүӊөр?

4. Жоомарттык дегенди кандай түшүнөсүӊөр?

2-топко: «Кайрымдуулук».

Берилген текстти топто талкуулашып, ролдоштуруп аткарып беришет. 1-топко маанисин чечмелөө үчүн төмөндөгүдөй макал сунушташат:

-Кайрымдуу карындаш-түгөнбөгөн казына болот.

- Кайрымсыз жүргөн туугандан , кайрымдуу болгон дос жакшы. Ватманга кайрымдуу адамга мүнөздөмө жазып, таанытымга талкууга коюшат.

Кайрымдуу адам-боорукер, сезимтал, көӊүлү назик келет. Колунда барын кыйналган бирөө менен бөлүшүүнү каалайт.

Ар дайым көӊүлүндө кедей-кембагалдарга садага берүү керек деген ой болот. Толуп-ташкан байлыгынан эмес бирөөгө берген садагасынан ырахат алат.

Сахналаштыруу үчүн текст:

САДАГА БЕРҮҮ – КАЙРЫМДУУЛУК.

Бир карыянын көздөрү азиз эле. Ошндуктан намаз окуй турган бөлмосүнөн эшиктин алдына чейин жип тарттырып койгон эле. Эгерде кайыр сурап тилемчи келсе, ошол жиптен кармап эшикке чейин басып садага берчү. Балдары:

-Ата, неге өзүӊүздү мынча убара кыласыз ? Сиздин ордуӊузга бул ишти биз дагы кылабыз го,-дешти.

Ошондо карыя балдарына:

-Кишинин өз колу менен кембагалга садага бериши, аны ар кандай жамандыктардан сактайт, -деди.

Суроолор:

Балдарынын атасына айткан сөздөрүн туура деп ойлойсуӊарбы?

Кайрымдуулуктун маанисин кандайча түшүндүӊөр?

Кембагалга берген садага кантип эле жамандыктан куткарсын?

Тарбиялык саатты жыйынтыктоо:

Мугалим: Урматтуу окуучулар, бакылдыктан ыраак болгула!

Атыӊарды жоомарчылык менен белгилүү кылгыла. Калайык бакыл жана төрөпейил адамды душман, жоомарт жана кушпейил адамды дос туткан. Силер да ушул изди улагыла! Кимдир бирөөгө жоомарттык жасоодо, кайрымдуулук кылууда буйдалбагыла аккан суудай шар чечим кабыл алгыла. Бул силердин колуӊардан келет деп ишенем. Сабакты төмөндөгүдөй икая менен жыйынтыктайбыз.

Байыркы араптардын кадырлуу адамдарынан Хасан, Хусейин жана Абдулла Жафар атту үч агайын Багдад шаарынан Басырага сапар жүрүшөт. Жолдо алардын азык-оокат жүктөлгөн төөсү жоголуп кетет. Кыдырып издешет, таба алышпайт. Бир топ жол жүрүшүп чаӊкап-чалыгып, аарып-ачкан абалда бир аялдын үйүнө жетип келишет. Баягы аялдан суу менен оокат сурашат. Аял аларга суу алып келет. Анын жалгыз кою бар эле, ошол койду жетелеп келип:

-Ушул койдон башка эч нерсем жок эле. Кааласаӊар союп жегиле- дейт. Алар аялдын ушунчалык ак пейилдигине таӊ беришип:

-Берешендигиӊе ыраазы болдук. Ачкалык өтө алсыратып койгону үчүн коюӊду союуга мажбурбуз. Биз Басырага бара жатабыз. Тез эле кайрадан мекенибиз Багдадга кайтабыз. Сөзсүз биздин алдыбызга бир келип кеткин. Сага бир нерселер тартуу кылып, көӊүлүӊдү табабыз, -дешти. Койду союп, этинен жетээрлик өлчөмдө алып, бышырып жешти. Анан жолго чыгууга камынышты. Кетээр алдында ал аялга Багдаддын кайсы көчөсүндө экендигин айтышты.

Алар кеткенден кийин эле баягы аялдын эри келип калды. Аялы болсо окуяны баян кылаары менен күйөсү:

-Болгону жалгыз коюбуз бар эле. Аны дагы тааныбаган жат адамга коюп берипсиӊ. Эми эмне кылабыз? –деп аялына абдан кейиди.

Көп убакыт өтпөй эле эрди-катын жакырчылыктан өтө эле начар абалга түшүп калышты.

Баягы үйлөрүнө келген меймандардын берген убадаларын эстеп, экөө Багдадды беттеп жолго чыгышты. Жолдо тилемчилик кылышып, эптеп Багдадга жетип келишти. Бир нече күн шаардын көчөлөрүн кесип жүрүп, акыры Хасан, Хусейиндин үйүн табышты. Агайындар баягы аялды таанышып, үйлөрүнө алып киришти. Аял болсо күйөөсүн алар менен тааныштырды. Хасан менен Хусейин аларды бир нече күн меймандашып, көптөгөн алтын жана бир нече кой тартуу кылышты. Баш-аяк сарпай кийгизишти. Соӊунан Хасан аялга карап:

-Сизге көп ыраазыбыз! Чаалыгып чарчап, ачып-арыган учурда сиздин үйүӊүзгө келип, мейманыӊыз болдук. Өзүӊүздүн жармач турмушуӊузга карабай бизди жайдары кабыл алып, жападан жалгызкоюуӊузду союп меймандадыӊыз. Берешен, жоомарчылыгыӊыз бизди таӊ калтырды. Эми сиздерди үчүнчү агайыбыз Абдулла Жафардын үйүнө жиберебиз. Ал дагы сизди күтүп жатат, - деп бир кызматчысын кошуп жөнөтүштү. Ал шаттык менен каршы алып бир нече күн конок кылды. Хасан менен Хусейиндин тартууларынан эки эсе көп тартуу берди. Алар шаттанып үйлөрүнө кайтышты. Ошентип алар калган өмүрлөрүн жоомарттыктын арты менен жыргалда өткөрүштү.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎

О проекте

Сайт работает в автоматическом режиме. Информация размещается без ручного редактирования. Это независимая инициатива по открытой публикации контента различного направления — от новостей до полезных подборок.

Навигация по блокам

Новости и темы

Свежие материалы и информационные поводы, разбитые по интересующим категориям.

Популярное

Наиболее просматриваемые и обсуждаемые публикации недели или месяца.

Хронология

Архивный доступ к размещённым публикациям. Сортировка по дате и теме.

Контакты

📍 г. Ижевск, ул. Сборная, д. 17А, офис 210

☎ +7 (3412) 64-11-72

📧 info@site.ru

🕓 Обращения принимаются ежедневно с 9:00 до 21:00

Правовая оговорка

Мы не являемся авторами или распространителями контента. Все материалы поступают из открытых источников в автоматическом режиме.

Если вы являетесь правообладателем — свяжитесь с нами. Мы гарантируем оперативное удаление нарушающего контента после подтверждения запроса.

Сайт не является СМИ, не распространяет информацию на коммерческой основе и не несёт ответственности за возможные совпадения.

Размер шрифта: